Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

Кытайда үч киши өлүм жазасына кесилди


Кытайда темир жолдогу окуяга байланыштуу айыпталып жаткан үч киши өлүм жазасына кесилди. Дагы бирөө өмүр бою эркинен ажыратылды.

Кытайда Куньмин шаарынын станциясында 1-мартта бычак менен куралданган кишилер жай тургундарды туш келди сая башташкан. Бул окуяда кеминде 29 киши каза тапты, 140ка жакыны жарадар болгон.

Ошол учурда шектүү төрт киши полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бийлик окуяны Шинжаң Уйгур автономиялуу аймагынын жикчилдери уюштурган теракт деп сыпаттаган эле. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG