Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Кыргыз жана тажик президенттери чек араны сүйлөштү


Душанбеде Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен тажик президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин жогорку деңгээлде чечүүнү сүйлөштү. Эки тарап саясий-экономикалык кызматташууну да талкуулады. “Чек ара боюнча конкреттүү эмне сөз болгону тууралуу маалымат азырынча айтылган жок”, - дейт Душанбеден “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев. Ушул тапта Атамбаев Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолугууда.

Бүгүн Душанбеде ШКУнун саммити өттү. Ага уюмга мүчө өлкөлөр Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын президенттери катышты.

Саммитте аймактагы коопсуздук, терроризм, экстремизмге каршы күрөш, маңзат көзөмөлү жана Украинадагы кырдаал талкууланды. Кытай лидери Си Цзинпин ШКУ алкагындагы долбоорлорду каржылоого насыя иретинде 5 млрд. доллар каражат бөлөрүн билдирди. Соңунда Душанбе декларациясына кол коюлду. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG