Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Малаланы аткандар камалды


Пакистан армиясы кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн Малала Юсуфзайды аткандар камалганын билдирди. Генерал-майор Асим Бажванын журналисттерге билдиргенине караганда, 12-сентябрда армия, полиция жана атайын кызмат менен биргеликте өткөрүлгөн операция учурунда талибдер менен байланышы бар 10 киши камалды. Пакистан талибдеринин азыркы лидери Хусейн Фазлуллах Малаланы өлтүрүүгө аракет кылгандардын башында турат.

Малала Юсуфзай пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн окуучу кыз. Аны мектептен кайтып келе жатканда талибдер башка аткан. Британдык хирургдардын жардамы менен аман калган Малала адам укугу жаатында бир нече эл аралык сыйлыктарды алды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG