Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Польша Украинага газ бере баштады


Польша Орусиянын “Газпром” компаниясы алар сураган газды бере турганын айткандан кийин Украинага көгүлтүр отун берүүнү калыбына келтирди. Бул маалыматты “Укртрансгаз” ишканасы да тастыктады. Польшанын Gaz-System газ куурлар операторунун маалыматына караганда, алар 11-сентябрда “Газпромдон” 20 млн. куб метр көгүлтүр отун алган.

Польша кечээ орус газынын импорту акыркы күндөрдө 45 пайызга азайганын билдирген. Мындан улам Украинага реэкспорт убактылуу токтотулганын айткан.

Жыл башында баа боюнча талаштан улам, "Газпром" Украинаны газ менен камсыздоону токтоткондон кийин Польша жана Евробиримдиктин башка мүчөлөрү орус газынын бир бөлүгүн Киевге сата баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG