Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

АКШ Евробиримдикке удаа Орусияга жаңы санкцияларды киргизди


АКШ энергетика, коопсуздук жана каржы тармактарына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды дагы кеңейтти. Кошмо штаттардын Каржы министрлиги орусиялык банктардын ири каржы базарына кирүүсүнө, баалуу кагаздарды алуусуна чектөө киргизгенин билдирди. АКШнын «кара тизмесине» "Газпром", "ЛУКОЙЛ", "Сургутнефтегаз", "Транснефть", "Газпром нефть" жана беш коргонуу жана жогорку технологиялык мамлекеттик корпорация киргизилген. Буга ылайык курал жана товарларды сатып алуу, өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынат.

Евробиримдиктин Орусияга карата жаңы санкциялары да бүгүнтөн баштап күчүнө кирди. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Евробиримдиктин кезектеги санкцияларын Москва өкүнүч менен кабыл алганын белгилеп, аны «мыйзамсыз» деп атаган.

Буга чейин орус премьер-министри Дмитрий Медведев Батыштын санкциялары энергетикага жана финансы тармактарына таасирин тийгизсе тиешелүү жооп бере турганын айткан. Ал жооп катары Батыштын авиакаттамдарына өз аба мейкиндиги аркылуу учууга тыюу салышы мүмкүн экенин билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG