Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча жолугушуу өтөт


Мындай маалыматты Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өзбек чек арачыларынын Кыргызстандын Таян айылына кире бериш жеринде жолго чек ара көзөмөл өткөрмөсүн орнотуу маселеси боюнча эки тараптан чек арачылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, талкуулашат.

12-сентябрда Баткен районунун Таян айылына кире бериш жерде Өзбекстандын чек арачылары жолго чек ара тосмосун (шлагбаум) орнотуп баштаган.

Мындай аракетке нааразы болгон Кыргызстандын 100дөй жараны Өзбекстандын Сох анклавын өлкөнүн негизги бөлүгү менен байланыштарган жолду Чечме деген жерден бир сааттай тосушкан. Өзбекстан чек арачылары тосмо орнотуу аракетин токтотуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана жол ачылган.

Таян айылындагы жол аркылуу Баткен районунун жогорку зонасынан 10 чакты айыл тургундары райборборго каттайт. (JsA)

XS
SM
MD
LG