Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Орусиянын авто кербени Луганскка жетти


Гуманитардык жүк ташыган делген орусиялык кербен Украинанын чыгышындагы Луганск облусуна жетти. Орусиялык ИТАР-ТАСС агеттиги жазып чыккандай, шекер, ун жана башка тамак-аш жүктөгөн машинелер шаарга кирди. Кербенде жалпысынан 200 унаа бар экен айтылган. Алардын жетимиши Луганскка жеткени кабарланууда

Ошол эле учурда эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлү Анастасия Исюк бул кербенди уюм өкүлдөрү коштоп барбаганын айтып чыкты.

Өткөн айда Орусия Украинага жүк тарткан кербенин украин өкмөтүнүн уруксатысыз жана Кызыл Чырым уюмунун коштоосу жок киргизгенде, расмий Киев менен Батыштын сынына кабылган.

Украин бийликтери ал унаалар орусиячыл жикчилдер үчүн курал –жарак алып келип, Украинадан коргонуу өндүрүшүнүн продукцияларын алып кетиши мүмкүн деп тынчызданган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG