Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Ак үй: АКШ ИЛИМ менен согуш абалында турат


АКШ Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест Кошмо Штаттар “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” уюму менен согуш абалында турганын билдирди.

Эрнест 12-сентябрда сүйлөп жатып “АКШ "Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” уюму согуш абалында турат. Мындай жол менен “ал-Каида” жана бүткүл дүйнөдөгү анын бөлүктөрү менен согушчудай болуп турат” деп билдирди. Андан мурда Пентагондун маалымат катчысы, контр-адмирал Жон Кирби да дал ушул “согуш” деген сөздү колдонгон эле. Бирок Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри согуш деген сөздү колдонуу туура эместигин билдирип, Ирактагы исламчыл согушкерлерге каршы контртеррордук операция жүрүп жатат деп билдирген.

Акыркы күндөрү АКШ "Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” уюшмасынын согушкерлерине каршы операция жүргүзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG