Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:42

Москвада белгилүү адвокатты атып кетишти


Ок тийип каза болгон адвокат Татьяна Акимцева жана анын айдоочусунун сөөгүн жума күнү кечинде Москвадагы Гашек көчөсүндө токтоп турган автоунаадан табышкан.

Тергөө кызматынан Интерфакс агенттигине кабарлашкандай, адвокат уюшкан кылмыш топтор тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн. Акыркы учурда Акимцева москвалык ишкер Сергей Журбанын кызыкчылыгын коргоп жүргөн. Журба болсо Москвадагы ири Орехов деп аталган кылмыш тобунун мүчөлөрүнө каршы кылмыш иште негизги күбө катары сурак берип жаткан. Буга чейин Сергей Журбанын өмүрүнө эки жолу кол салуу болгон эле. Мындан соң Акимцева өз өмүрү коркунучта экенин билдирген.

Татьяна Акимцева Орусиядагы бир нече атактуу адамдардын укугун коргогон адвокат катары да таанымал болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG