Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

АКШ мамкатчысы Каирге барды


АКШнын мамлекттик катчысы Жон Керри Ирак жана Сириядагы "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине каршы эл аралык коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Каирге барды.

Египет Керринин аталган максат менен жүргүзүп жаткан аймактык сапарынын соңку пункту. Бул сапардын алкагында ал буга чейин Ирак, Иордания, Сауд Арабия жана Түркияда болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын белгилешинче, Керри Египеттин президенти Абдел Фаттах ал Сиси жана Араб мамлекеттер лигасынын башчысы Набил ал Араби менен жолугары күтүлүүдө.

Бейшембиде АКШ президенти Барак Обама Ирак жанан Сирия аймактарын басып алган радикалдуу “Ислам мамлекети” уюмун жок кылуунун стратегиясын жарыялап, бул уюмду алсыздандырып, акыры жоготууга убада берген.

12-сентябрда Керри Анкарада сүйлөгөн сөзүндө АКШ өнөктөштөрү менен Ислам мамлекети уюмунун жихадчыларына каршы эл аралык коалиция түзүлөт деген ишенимин билдирген.

XS
SM
MD
LG