Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Яценюк Путиндин Украинаны жок кылууну көздөгөнүн айтты


Орус президенти Владимир Путин Украинаны көз карандысыз мамлекет катары жок кылууну көздөөдө. Бул тууралуу украин премьер-министри Арсений Яценюк билдирди.13-сентябрда Киевдеги эл аралык конференцияда сүйлөп жатып украин премьери “Путин Украинанын чыгышында жылжыма жаңжал болушун каалап жатат” деди. Ошондой эле Яценюк Орусия Европа жана бүтүндөй дүйнөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч туудурарын кошумчалады.

"Евробиримдик жана АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары орус экономикасына олуттуу зыян келтирет" деген өкмөт башчы Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча 5-сентябрдагы сүйлөшүү аймакка тынчтык орнотуу үчүн алгачкы кадамдар экенин билдирди.

5-сентябрда Минск шаарында Украинанын өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG