Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди


Бүгүн эртең менен Баткен облусунун аймагында күчү төрт баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикcтандын аймагында болуп, ал Баткен шаарынан 120 чакырым түштүк тарапта, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынан 93 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү калктуу конуштарда сезилген эмес жана адам өмүрүнө зыян келген жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG