Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Сел алган Кашмирдин тургундары бийликке нааразы


Индия менен Пакистандын ортосундагы талаштуу Кашмир аймагынын жашоочулары сел каптоодон жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтпөгөн бийликке нааразы болушууда. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, алты күн бою тынбай жааган жамгырдан кийинки суу ташкыны абдан көп зыян алып келди.

Быйылкы селди акыркы он жылда эң күчтүү болгонун айтышууда.
Суу Сринагар шаарынын басымдуу бөлүгүн алып кеткен. Көп адамдар бир топ күндөн бери тамдарынын чатырларынын үстүндө жан сактап келишет. Бул жагдай аймактагы саясий абалдын да курчушуна алып келди. Региондогу калктын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөндүктөн жергиликтүү бийлик борбордук индус бийликтерине каршы нааразылык акцияларына тыюу салууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык суу ташкын бери дегенде Индияда 200, коңшу Пакистанда 260тан ашык адамдын өмүрүн алды. Миңдеген адамдар үй-жайсыз калды.

XS
SM
MD
LG