Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:39

Элдешүү келишиминен соң Украина алты аскерин жоготту


Чыгыш Украинада тынчтыкты сактоо боюнча келишимге жетишилгенден бери 6 аскер адамы каза тапты. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук жана коргонуу боюнча улуттук кеңешинин төрагасы Андрей Лысенко билдирди. 5-сентябрда Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койгон болчу. Лысенконун айтымында, соңку күндөрү жикчилдер тарабынан чабуулдар күчөтүлүп, дагы бир катар жоокерлер жараат алды. Ошондой эле ал орусиячыл күчтөрдүн “ок атууну украин армиясы баштады” деген маалыматтарын төгүндөп, өкмөт күчтөрү өзүн коргоо максатында курал колдонуп жатканын айтты.

Чыгыш Украинада дагы эле жагдай олуттуу экени кабарланууда. Донецк шаардык мэриясынын расмий сайты 13-сентябрда аймакта чыңалуу сакталып, ок атуулар угулуп жатканын жазды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG