Жээк сакчылары чөгүп бараткан буу кемеден жүздөн ашуун жүргүнчү куткарылганын кабарлады. Ишемби күнү Лилона портунан Батыш Лейте провинциясына бет алган кеме кырсыкка кабылып, чөгө баштаган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, эки адамдын өмүрү кыйылды. Куткаруу иштери уланууда. Расмий булактар бортто 84 киши болгонун айтып жатышат.
Мындай окуялар Филиппинде тез-тез кайталанып турат. Көбүнчө ага катаал аба ырайы жана кемедеги техникалык мүчүлүштүктөр себеп болот.