Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Баткен: чек арадагы чыр боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Баткен акими менен Өзбекстандын Сох районунун башчысы Таян айылына жакын жерге өзбек чек арачылары тосмо орнотушу боюнча сүйлөшүп жатышат. Алдын-ала маалыматка ылайык, өзбек тарап Таян айылынын жолуна чек ара тосмосун орнотпой турган болгонун Баткен райондук акимчилигинен кабарлашты.

12-сентябрда Баткен районунун Таян айылына кире бериш жерге Өзбекстандын чек арачылары чек ара тосмосун орнотуп баштаган. Мындай аракетке нааразы болгон Кыргызстандын жүздөй жараны Өзбекстандын Сох анклавын өлкөнүн негизги бөлүгү менен байланыштарган жолду Чечме деген жерден бир сааттай тосушкан. Ошондон кийин гана өзбек чек арачылары тосмо орнотуу аракетин токтотуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана жол ачылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG