Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

HRW: Орусияда майып балдардын укугу бузулууда


Орусияда мамлекеттик Балдар үйлөрүндө жашаган майып балдардын дээрлик 30 пайызы зордук-зомбулукка кабылууда. Бул тууралуу Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун бүгүн жарыяланган докладында айтылат. Укук коргоочулардын пикиринде, мындай абал балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө залакасын тийгизүүдө.

Human Rights Watch уюмунун адистери он чакты Балдар үйүн кыдырып, 200 бала жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, адвокаттар, мекеме кызматкерлери менен жолугуп, сурамжылоо жүргүзгөн. Докладдын автору Андреа Маззарино көптөгөн балдарды доктурлар берген аныктаманын негизинде өзгөчө шартка муктаж майып деген шылтоо менен үй-бүлөсүнөн күчтөп ажыратып, Балдар үйүнө которуп коюшкан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG