Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Алина Кабаева Мамлекеттик Думадан кетүүдө


Алина Кабаева Мамлекеттик Думадан мөөнөтүнөн мурда кетип жатат. Орус парламентинин төмөнкү палатасынын регламент комитети бүгүн анын арызын карап, канааттандырды. Жалпы жыйынга бул маселе эртең чыгарылышы мүмкүн.

Көркөм гимнастика боюнча 2004-жылдагы олимпиадада дүйнө чемпиону аталган Кабаева орус парламентине өкмөтчүл "Бирдиктүү Орусия" партиясы аркылуу 2007-жылы келген.

Думадан кетүү себебин ал башка ишке которулуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Алина Кабаева орус президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экени массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда көптөн бери айтылып келатат. Путин өзү андай сөздөрдү четке кагып келет. Кабаева менен байланышы тууралуу жазып чыккан «Московский корреспондент» гезити жабылып калган.

XS
SM
MD
LG