Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кара-Сууда табылган 203 мина кооптуу эмес экени аныкталды


Кара-Суу районуна караштуу Таштак айылында жеке турак жайдын короосунан табылган 203 даана мина кооптуу эмес. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, миналар табылган жер мындан 30 жыл мурун №2033 чек ара бөлүгүнө караштуу аскердик окуу аянты болгон. Окуу куралы катары пайдаланылган танкага каршы миналар жарылуучу заттар менен эмес, кадимки кум менен толтурулган.

Учурда адистер жеке турак жайдын короосунан табылган миналарды жок кылууга камынууда. (YI)

XS
SM
MD
LG