Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 03:12

Өзгөндө жол кырсыгынан үч адам мерт кетти


Бишкек - Ош жолунун Өзгөн районундагы бөлүгүндө жол кырсыгынан үч адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ана-Кызыл айылынын аймагында 15-сентябрь күнү кечинде болгон кырсыкта үч автоунаа сүзүшкөн. Кырсыктан жаракат алган дагы төрт адам Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда быйыл жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, өлкөдө катталган жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга өскөн.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG