Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Нарындагы митинг үзгүлтүккө учурады


Бул тууралуу “Азаттыкка” нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, активист Эркин Асаналиев билдирди. Анын айтымында, бүгүн шаардагы борбордук аянтта электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүнө каршы нааразылык акция өтмөк. Бул боюнча мэрияга кабар берилип, уруксат алынган. Бирок акция башталар алдында милиция кызматкерлери Асаналиев жана митингдин уюштуруучуларынын дагы бири Бактыгүл Жумабаеваны шаардык милицияга алып кеткен. Учурда алар милицияда түшүндүрмө берүүдө. Азыр борбордук аянтта 10го жакын адам топтолуп турат.

Ал эми Нарын облустук милициясынан бүгүнкү акцияны өткөрүүгө уруксат алынбаганы үчүн анын уюштуруучулары милицияга түшүндүрмө берип жатканын кабарлашты. (BkA)

XS
SM
MD
LG