Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Бишкекте ымыркай сатуу фактысы боюнча жеке акушер кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жеке акушер-гинеколог шаардагы №1 төрөткананын кызматкерлери менен биргеликте ымыркайды белгисиз адамдарга сатып жиберген. Иликтөө-тергөө тобу аныктагандай, 21 жаштагы кош бойлуу келин Бишкектеги жеке акушер-гинекологго көрүнүп жүргөн. Төрөр мезгили келгенде Бишкектеги №1 төрөтканага кайрылган. Ымыркай төрөлгөн соң аталган жеке гинеколог төрөткана кызматкерлери менен сүйлөшүп, наристени башка адамдарга сатып жиберген. Ал эми жаш келинге жалган маалымат айтып, алдап койгон.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, гинеколог камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бирок ымыркай табыла элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG