Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 15:02

Депутат Түлеевдин соту дагы жылды


Бишкектин экс-мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин бүгүнкүгө белгиленген соту дагы жылды. Буга айыпталуучунун адвокаты келбей калганы себеп болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын төрайымы Ирина Воронцова билдирди.

Түлеевдин соту былтыртан бери түрдүү себептерден улам жылдырылып келет.

Буга чейин Нарын районунун айрым аксакалдары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, соттордон Нариман Түлеевге карата адилет чечим чыгарууну талап кылышкан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG