Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Газдын баасы 1-октябрга чейин аныкталат


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын түндүгүнө орусиялык “Газпром” компаниясы 1000 куб мерт газды 165 доллардан алып келүүгө макул болду. Буга чейин Казакстандан 1000 куб метр газ 224 долларга сатып алынчу. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын тургундары үчүн газдын баасы кайрадан эсептелип чыгып, арзаныраак тарифтер коюлмакчы. Бул эсептөөлөр сентябрдын соңуна чейин бүтүрүлмөкчү.

Быйыл апрель айында “Кыргызгаз” ишканасы орусиялык “Газпром” компаниясына сатылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG