Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Үч-төрт министрдин кызмат орду талкууланууда


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк коалицияны кураган фракция лидерлери өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо боюнча кеңешүүлөрдү өткөрүүдө:

- Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаевге тапшырма берилген. Министрлердин ишинин жыйынтыгын карап, өз ишин жөндөй албагандарды кызматтан алууну сунушта дегенбиз. Ал бизге өз сунуштарын бере баштады. Учурда үч-төрт министр тууралуу сөз болууда. Жакынкы 5-10 күн ичинде алар кимдер экени ачыкка чыгып калат, - деди Турсунбеков.

Буга чейин өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” маегинде ушул айдын аягына чейин өкмөт курамында өзгөрүү болушу мүмкүн экени айтылган.

Бүгүн ички иштер министри Абдылда Суранчиев өз каалоосу менен кызматтан кетти.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG