Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Дарыгерлер ымыркай сатуу боюнча маалыматты четке кагууда


Бишкектеги төрөтканалардын биринен жаңы төрөлгөн ымыркайдын сатылышы боюнча маалыматты борбордун Саламаттыкты сактоо департаменти четке кагууда. Бул тууралуу Бишкектин башкы акушери Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, ымыркай сатуу боюнча аларда маалымат жок. Учурда шаардагы төрөтканаларда териштирүү жүрүп жатат.

Бүгүн Ички иштер министрлиги жеке акушер-гинеколог шаардагы №1 төрөткананын кызматкерлери менен биргеликте ымыркайды белгисиз адамдарга сатып жибергенин кабарлаган. Иликтөө-тергөө тобу аныктагандай, 21 жаштагы кош бойлуу келин Бишкектеги жеке акушер-гинекологго көрүнүп жүргөн. Төрөй турган мезгили келгенде Бишкектеги №1 төрөтканага кайрылган. Ымыркай төрөлгөн соң аталган жеке гинеколог төрөткана кызматкерлери менен сүйлөшүп, наристени башка адамдарга сатып жиберген. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, гинеколог камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бирок ымыркай табыла элек. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG