Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:23

Иванишвили лидерлик талашта грузин премьерин колдоду


Бидзина Иванишвили.

Бидзина Иванишвили.

Грузин миллиардери “Квирис палитра" гезитинде жарыяланган интервьюсунда премьер-министр Ираклий Гарибашвили менен президент Георгий Маргвелашвилинин ортосундагы тирешти “ашыкча эле драмалаштыруунун” кажети жоктугун белгиледи.

Башкы көйгөй катары президент Маргвелашвилинин премьер Гарибашвилинин командасы менен байланыш түзүүдөгү чечкинсиздигин атаган Иванишвили грузин өкмөт башчысын мактап кеткен.

Грузин президенти өткөн аптада анын Улуттар уюмуна ушул айда мерчемделген сапарын өкмөт үзгүлтүккө учуратканын айтып чыккан эле. Өкмөт БУУнун Башкы ассамблеясына президент эмес премьер барышы жөндүү экенин билдирген.

Азыр эч бир расмий кызматты ээлебеген Иванишвили Грузиянын бейформал лидери катары саналат. Ал башкарган “Грузин кыялы” коалициясы 2012-жылкы шайлоодо мурдагы президент Саакашвилинин партиясын жеңген.

Гарибашвили Иванишвилинин мураскери катары премьерликке былтыр ноябрда дайындалган. Ал эми Иванишвили колдогон Маргвелашвили президенттикке былтыр октябрда шайланган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG