Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Крым жарым аралында азыр аскерлердин санын көбөйтүү зарылчылыгы жаралганын Москвадагы бүгүнкү кеңешмеде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Шойгу мунун себептерин Украинадагы кырдаал “кескин начарлаганы” Орусиянын чек арасына “жакын жерлерде чет элдик аскерлер көбөйгөнү” менен түшүндүрдү.

Орус министри белгилегендей, Крым багытында толук кандуу жабдылган жана жетиштүү сандагы аскер күчтөрүн жайгаштыруу азыр армиянын “башкы приоритети” болуп турат.

Орусия Украинанын бир бөлүгү - Крымды марттагы талаштуу референдумдан кийин аннексиялап алган эле.

Москванын бул кадамын Еврошаркет, АКШ, БУУнун Башкы ассамблеясы мыйзамсыз иш катары баалаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG