Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Сот Нарында митингге чыккандарды мыйзам бузган жок деп тапты


Нарында 16-сентябрь күнкү нааразылык акциясы учурунда милиция кармап кеткен үч кишини шаардык сот “мыйзам бузган жок” деп тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” кармалгандардын бири, активист Эркин Асаналиев билдирди. Аларга административдик мыйзам бузуу беренеси боюнча айып тагылган болчу.

Шейшембиде активисттер Нарындагы борбордук аянтка электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүнө каршы митингге чыккан. Бирок акция башталар алдында милиция кызматкерлери Асаналиев баштаган үч адамды алып кеткен. Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы алар митинг өткөрүүгө уруксат албаганы үчүн кармалганын айткан. Бирок уюштуруучулар мэрияга алдын ала акция тууралуу маалымдалганын билдирген.

Сот тарабынан акталган акция уюштуруучулары облустук милициянын үстүнөн прокуратурага арызданарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG