Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

“Ал-каида” исламчыл согушкерлерди ынтымакка чакырды


Террордук деп саналган “ал-Каида” уюмунун Араб жарым аралындагы жана Түндүк Африкада жайгашкан мусулман мамлекеттериндеги бөлүмдөрүнүн биргелешкен билдирүүсү 16-сентябрда интернет аркылуу таратылды. Билдирүүдө Ирак менен Сириядагы согушчан тайпаларга ич ара урушпай, АКШ баштаган коалицияга каршы биригүү чакырыгы айтылган.

“Ал-Каидадан” ажырап чыгып, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ буга чейин Сириядагы таасирдүүлүктү күчөтүү максатында, “ал-Каиданын” Сириядагы канаты - “ал-Нусра майданы” менен кармашкан эле.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине абадан сокку урууну күчөтүп, аларды каржы булактарынан жана катарына жаңы согушкерлерди тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн АКШ учурда эл аралык коалиция курап жатат. Ага Австралия, Британия, Франция жана НАТОго мүчө бир катар мамлекеттер, ошондой эле Перс булуңунан он араб өлкөсү кошулууда.

XS
SM
MD
LG