Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Коңшу өлкөлөрдөн 300 миң тонна буудай сатып алынат


Кыргызстанда буудайдын быйылкы түшүмү былтыркыга караганда 220 миң тоннага аз жыйналды. Аба ырайы кургакчыл келгендиктен, дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү төмөн болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиев билдирди. Азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында коңшу өлкөлөрдөн 300 миң тонна буудай сатып алуу каралууда:

-Эгилген буудайдын 87 пайызга жакын аянты орулуп, жыйналды. Түшүм 553 миң тоннаны түздү. Былтыркыга караганда 216 миң тоннанын тегерегинде төмөн болуп жатат.

Жумалиев билдиргендей, өткөн жылы да буудайдын түшүмү күтүлгөндөй болбой, Казакстандан дан сатып алынган.

XS
SM
MD
LG