Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Казакстанда кармалган мунай маселеси чечиле элек


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Уланбек Кулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында жаздан бери кармалып турган 448 вагон күйүүчү май маселесинде жылыш жок. Буга чейин ассоциация өкүлдөрү өкмөткө бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен бир нече кайрылган. Бирок маселе чечиле элек.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы 30 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө келтирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG