Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Бишкекте сатылды делген ымыркай табыла элек


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда бул боюнча атайын тергөө тобу иштеп жатат. Бирок ымыркайды сатып алды делген үй-бүлө табыла элек.

Кечээ Ички иштер министрлиги жеке акушер-гинеколог шаардагы №1 төрөткананын кызматкерлери менен биргеликте ымыркайды белгисиз адамдарга сатып жибергенин кабарлаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, гинеколог камакка алынды. Бирок Бишкектин саламаттык сактоо департаменти мындай окуянын болгонун четке кагууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG