Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Ымыркай сатты деп шектелген дарыгер үй камагына чыгарылды


Бишкектин Свердлов райондук соту ымыркай сатууга шектелген гинекологду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 16-сентябрда сотко Свердлов райондук милициясы айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Аны кылмышка шектелген айымдын 1 жашка толо элек баласы жана шаарда туруктуу жашаган жери бар экени менен негиздеген.

Кечээ Ички иштер министрлиги жеке акушер-гинеколог шаардагы №1 төрөткананын кызматкерлери менен биргеликте ымыркайды белгисиз адамдарга сатып жибергенин кабарлаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, гинеколог камакка алынган болчу. Азырынча сатылды делген ымыркай табыла элек. Бирок Бишкектин саламаттык сактоо департаменти мындай окуянын болгонун четке кагууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG