Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Чек ара сүйлөшүүсүн улантуу боюнча Өзбекстанга нота жиберилди


Бул тууралуу өкмөттүн чек араны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча жолугушуу Жалал-Абад шаарында өткөн. Бул жолугушууда кыргыз тарап буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой, айрым аймактар боюнча гана протоколду бекитүү каалоосун билдирген.

Андан бери жолугушуу өтө элек. Мындан улам Кыргызстан сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча нота жиберди. Кийинки жолугушуу качан жана кайда өтөөрү дипломатиялык каналдар аркылуу аныкталмакчы.

Эки өлкө чек арасын тактоо иштери башталганына он жылдан ашты. Бирок тараптар ошондон бери аны аягына чыгаралбай келет. Талаштуу жерлерге келгени иш таптакыр жылбай да калды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320сы тактала элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG