Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

“Калканч-2014” аскердик машыгуусу өттү


Бишкекте атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн “Калканч-2014” аттуу аскерий машыгуусунун биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чараны чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги борбору менен биргеликте уюштурууда. Машыгуу эки этап менен жүрөт. Биринчи этапта атайын бөлүктөрдүн аскерлери теориялык даярдыктан өтүштү. Экинчи этап эртең Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда өтмөкчү. Анда аскерлердин даярдыктары иш жүзүндө сыналмакчы.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG