Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

NASA космос кемелерин америкалык жеке компаниялардан сатып алат


АКШнын Аэронавтика жана космос изилдөө агенттиги NASA космос кемелерин эми жергиликтүү жеке компаниялардан сатып алмай болууда. 16-сентябрда Boeing жана SpaceX фирмалары менен 7 миллиард долларлык келишимге кол коюлду. Алар 2017-жылга карата Эл аралык космостук станцияга учуу үчүн кемелерди куруп бермекчи.

2011-жылы NASA "Шаттл" кемелерин учуруу программасын жапкандан кийин орбиталык станцияга учуу үчүн кемелерди Орусиядан сатып алып жаткан. Агенттиктин жетекчиси Чарлз Болдендин айтымында, Орусия менен келишим боюнча ар бир учкуч үчүн 70 миллион долларлык каражат сарпталчу:

- Улуу держава өзүнүн космостук изилдөөлөрүн жүргүзүүдө башка мамлекеттерге таянбашы керек, - деп айтты бүгүн Болден.

SpaceX компаниясы 2012-жылдан бери Эл аралык станцияга Falcon ракеталарын учуруп келатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG