Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

1300дөн ашык этникалык кыргыз жарандык алды


Быйыл жыл башынан бери 1323 этникалык кыргыз өлкө жарандыгын алды. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарандык берилген адамдардын көпчүлүгү Өзбекстандан жана Тажикстандан мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Ал эми 1214 адам "Кайрылман" макамын алган.

Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматында, 1995-жылдан бери 51 784 чет өлкөлүккө Кыргызстандын атуулдугу берилди. Ал эми 27 584 адам өз каалоосу менен жарандыктан чыгарылган. Жарандык алгандардын 40 миңден ашууну коңшу өлкөлөрдөн кайткан этникалык кыргыздар.(BkA)

XS
SM
MD
LG