Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Порошенко АКШ жана Канадага барат


Украинанын президенти Петро Порошенко бүгүн АКШ жана Канадага иш сапар менен жөнөдү. Алгач ал Канадага барып өлкө жетекчилиги менен жолугат. Кечээ Канада Москванын Украинага карата саясатын агрессия деп атап, Орусияга каршы бир катар санкция киргизген болчу.

18-сентябрда Порошенко Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен жолугат.

Украин президентинин АКШга сапары Жогорку Рада Европа Биримдиги менен ассоциация келишимин ратификациялап, өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл козголоңчул аймактарга убактылуу өз алдынча башкарууну берген мыйзамды кабыл алгандын эртеси башталууда.

Мыйзамга ылайык “өзгөчө макам” өлкөнүн чыгышындагы Донецк жана Луганск облусунун айрым райондоруна үч жылдык мөөнөт менен ыйгарылат.

Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн урушунан азыркыга дейре 3000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG