Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Ишкер Дмитрий Цой үй камагына чыгарылды


Бишкек шаардык соту “Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Цой 6-майда борбордогу №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал 2009-жылы Ысык-Көлдө адам өмүрүнө кол салган деп шектелүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутка аткан, кийинчерээк ал адам каза болгон. Милиция Дмитрий Цойдун белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар-жоктугун да иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG