Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Пакистанда ондогон согушкер жок кылынды


Пакистандын түндүк-батышында 40тан ашуун согушкер жана курал-жарак катылган 5 жай жок кылынды. Өкмөттүк аскерлердин билдиргенине караганда, сокку абадан урулду.

Июнь айынан бери Пакистан армиясы Түндүк Вазиристан провинциясында согушкерлерге каршы абадан да, жерден да чабуул жасап келатат. Жалпысынан 1000дей согушкер жок кылынып, 100гө жакын аскер каза тапты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG