Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Шотландияда бүгүн Британиядан бөлүнүү боюнча референдум өтөт


18-сентябрга белгиленген референдумда элдин көбү эгемендикти колдоп добуш берсе, Шотландия Британиянын курамынан бөлүнөт.

2011-жылы Шотландия парламентиндеги көпчүлүк мандаттарды Улуттук партия жеңгенден кийин ал кыймыл саясий күчкө айланган. Кийинки жылы Шотландиянын 1-министри, Улуттук партия лидери Алекс Салмонд Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен 2014-жылы Шотландияда эгемендик маселесин референдумга чыгаруу тууралуу макулдашууга кол койгон.

Беш миллиондон ашуун калкы бар Шотландиядагы референдум британ саясатчыларынын баш оорусуна негизги себеп болуп жатканы айтылууда.

Бирок айрым шотланд эксперттери эгемендикти колдобой турганын, референдумда улутчулдар жеңсе, өлкөнүн экономикалык, каржылык абалынын келечеги белгисиз болорун эскертишүүдө.

Эгер Шотландия көз карандысыздыгын жарыяласа, Испаниядагы каталондор менен басктар, түркиялык күрттөр, Кытайдын курамындагы тайвандыктар, Франциядагы тироль жана корсикалыктар, Германиядагы бавариялыктар да ушул кадамга барышы мүмкүн деген божомолдор бар.

Шотландияда ондогон кыргызстандыктар да бар. Алардын бири, борбор калаа Эдинбургда жашаган Шахсанем Мюррей өлкө Британиянын курамында калганы дурус деген ойдо. Анын айтымында, референдум өткөрүү боюнча карапайым калктын пикири толук эске алынган жок.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG