Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

Обама менен Порошенко Вашингтондо жолугат


Украинанын президенти Петр Порошенко бүгүн Вашингтондо президент Барак Обама менен жолугат. Украин мамлекет башчысынын Канада жана АКШга сапары 17-сентябрда башталган. Шаршембиде ал Канада президенти менен жолугуп, энергетика тармагын өнүктүрүү жаатында кызматташууну сунуштады.

Ал арада Обама Порошенкону Евробиримдик менен ассоциация келишиминин ратификацияланышы менен куттуктады.

Жогорку Рада аталган келишимди жакында ратификациялап, өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл козголоңчул аймактарга убактылуу өз алдынча башкарууну берген мыйзамды кабыл алган. Мыйзамга ылайык “өзгөчө макам” өлкөнүн чыгышындагы Донецк жана Луганск облусунун айрым райондоруна үч жылдык мөөнөт менен ыйгарылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG