Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Өкмөт бир апта ичинде газга тарифти бекитет


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештеги кышка даярдык боюнча баяндамасында билдирди. Орусиянын “Газпром” компаниясы өлкө түндүгүнө 1000 метр3 газды 165 доллардан сатууга макул болду. Мындан улам калкка 1 метр3 газды 12 сом 95 тыйындан сатуу сунушталды. Буга чейин 16 сом 35 тыйындан сатылып келген. Эми жаңы тарифти өкмөт бекитиши керек.

Ошондой эле Оторбаев өкмөт “Газпром” менен сүйлөшүп, Бишкек жылуулук борборуна 100 миллион метр3 газ сатып алуу чечилгенин билдирди. Мындай жол менен быйыл Казакстандан 100 миң тонна көмүр аз сатылып алынмакчы.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн кышка даярдыгын талкуулап жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG