Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Токтогулдагы суунун деңгээли төмөнкү чекке жетиши мүмкүн


Бул тууралуу Токтогул ГЭС каскадынын директору Алмаз Кушубаков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 900 миллион метр кубду түзүүдө. Бул былтыркыга караганга 3 миллиард метр кубга аз.

Ошондуктан октябрь айынан суу сактагычтагы сууну үнөмдөбөсө, жазында андагы жабдыктар жараксыз абалга келиши мүмкүн.

Быйыл суу тартыштыгынан улам кыргыз өкмөтү жай ортосунан тарта эле кыш катаал болорун эскертип келген. Энергетика министрлиги ар кыл чектөөлөрдү киргизүү менен кийинки жылдын апрель айында суунун көлөмүн 7 миллиарддан түшүрбөй сактап калуу аракетин көрүүдө. Бул чектен ылдыйлап кетсе, суу сактагычтын жабдыктары иштен чыгышы мүмкүн.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG