Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Чаткал: алтын ишканасын карактоо боюнча тергөө уланууда


Чаткал районундагы Куру-Терек алтын кенин иштеткен кытайлык “Фонта” компаниясын карактоо фактысы боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев билдирди. Анын айтымында, бул карактоо боюнча кылмыштуу топ аныкталып, анын айрым мүчөлөрү кармалды.

Чаткалда 7-сентябрга караган түнү “Фонта” деп аталган кен казуучу кытайлык компания тонолгон. Кол салуудан ишкананын үч кызматкери жарадар болгон. Ок жеген бир адамдын абалы оор экени айтылган. Милиция 5 килограммдай алтын жана 300 миң сом уурдалганын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG