Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Техаста баласын ачка калтырган аял өлүм жазасына кесилди


АКШнын түштүгүндөгү Техас штатында баласына тамак бербей, ачка калтырган 38 жаштагы аял өлүм жазасына өкүм кылынды. АКШнын Жогорку Соту жазаны жеңилдетүү боюнча өтүнүчтү канааттандырган эмес. Лиза Коулманга берилген өкүм 17-сентябрдын кечинде ийне саюу аркылуу ишке ашырылды.

Полиция 2004-жылы июль айында Коулмандын үйүнөн баланын өлүк денесин тапкан. Анын салмагы 17 килограмм экени айтылып, денесинде 200дөн ашуун жара, тамеки өчүргөндөн калган издер аныкталган. Ал бала өпкө оорудан кайтыш болгон курдаш кызынын баласы болгон.

Коулман Техаста өлүм жазасына кесилген экинчи аял. Жыл башынан бери бул аймакта тогуз киши өлүмгө өкүм кылынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG