Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Австралияда “Ислам мамлекетинин” 15 тарапкери кармалды


Австралия полициясы жүргүзгөн рейд маалында “Ислам мамлекетинин” тарапкерлери делген 15 киши кармалды. Рейд Сидней, Брисбенде өткөн. Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, алар террористтик акт уюштурууну пландап жаткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу Австралия федералдык полиция комиссарынын орун басары Эндрю Колвин билдирди. Буга чейин ушундай коркунуч бар экенин премьер-министр Тони Эббот да белгилеген болчу.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине абадан сокку урууну күчөтүп, аларды каржы булактарынан жана катарына жаңы согушкерлерди тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу үчүн АКШ учурда эл аралык коалиция курап жатат. Ага Австралия, Британия, Франция жана НАТОго мүчө бир катар мамлекеттер, ошондой эле Перс булуңунан он араб өлкөсү кошулууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG