Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Орусия АКШдан Кыргызстанга келчү тоок этин өткөрбөй койду


АКШдан Орусия аркылуу Кыргызстанга ташылчу тоок этине орус бийликтери тыюу салды. Бул тууралуу Брянск жана Смоленск облус бийликтерине таянып “Лента.ру” агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Орусиянын аймагы аркылуу Кыргызстанга 375 тонна тоок этин өткөрүүгө тыюу салынды. Буга Орусиянын батыш өлкөлөрүнөн айыл чарба продукциясына киргизген санкциялары себеп болууда.

Бул маалыматты Кыргызстандын расмий бийликтери тастыктай элек. Бирок борбордогу базарларда соода кылгандар “Азаттыкка” эки аптадан бери тоок эки кымбаттап кеткенин билдиришти.(BkA)

XS
SM
MD
LG