Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Нигерияда согушкерлердин чабуулунан 15 киши каза болду


Кано шаарында согушкерлер педагогикалык коллежге чабуул жасап, кеминде 15 адам каза болду. Отуздан ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме кылып Reuters агенттиги жазды. Атышуу маалында дагы эки жаран каза болгону айтылууда. Азырынча бул боюнча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Нигерия өкмөтү “Боко Харам” радикал ислам тобунан көрүп жатат.

Нигерияда “Боко Харам” тобунун өкүлдөрү 2009-жылдан бери бийлик менен куралдуу күрөш жүргүзүп келет. Соңку кездери бул өлкөдө жардыруулардын дээрлик баарын ушул топ ишке ашырып келүүдө. Алар буга чейин аялдар жана балдардан турган 50 кишини барымтага алган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюумунун эсебинде, жыл башынан бери экстремисттик топтордун чабуулунан Нигерияда эки миңден ашуун адам каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG